Айымдар  спортто күч сынашты

Башкы Жаңылыктар

Айымдар  спортто күч сынашты

Image

Окуу жайда эмгектенген айымдар ортосунда факультеттер жана колледждер аралык  волейбол мелдеши өткөрүлдү.  Спорттук мелдеш 8-март Аялдардын эл аралык майрамына жана ОшМУнун 85 жылдык юбилейине карата уюштурулду.
Ага жалпы 18 команда катышты.
Жыйынтыгында, факультеттер арасында 1-орунду Дене тарбия факультети , 2-орунду  Кыргыз-кытай факультети, 3-орун  Медицина факультети, 4-орун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети алды.
Ал эми колледждер арасында 1-орунду Индустриалдык-педагогикалык колледжи, 2-орунду Медициналык колледжи, 3-орунду Финансылык-юридикалык колледжи,  4-орунга   STEM инновациялык колледжи  ээ болду. Байгелүү орундарды алган командаларга, мыкты оюнчуларга  ОшМУнун кесиптик бирлиги тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Фото галерея