Мамлекеттик катчы улуттук идеология боюнча лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Мамлекеттик катчы улуттук идеология боюнча лекция окуду

Image

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына “Улуттук идеология жана жаштар” деген темада онлайн форматта лекция өттү.

Лекцияда Мамлекеттик катчы кыргыз элинин тарыхый мурасы, салт-санаасы, үрп-адаттары, ошондой эле философиясы жана идеологиясы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал жаштар үчүн бул баалуулуктарды түшүнүү жана урматтоо маанилүүлүгүнө токтолду. Мамлекеттик катчы студенттерди жана магистранттарды өз элинин маданий мурастарын активдүү изилдөөгө үндөдү.

ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков жана Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Ботоноев билим берүү тармагына жана илимий чөйрөгө кошкон баалуу салымы үчүн Сүйүнбек Касмамбетовго ыраазычылыктарын билдиришти.

Фото галерея