ОшМУда медициналык билим берүүдөгү жаңы чакырыктар боюнча окумуштуулар ой бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда медициналык билим берүүдөгү жаңы чакырыктар боюнча окумуштуулар ой бөлүштү

Image

 

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине жана медициналык клиниканын кардиохирургия бөлүмүнүн  ачылышынын алкагында   "Жаңы чакырыктар: медициналык билим берүүдө жана практикада инновациялык технологиялар” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Конференцияга Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, түркиялык профессор Адиль Башкарин, казакстандык профессор Болатбек Байсаханов, орусиялык профессор Митиш Валерий, өзбекстандык профессор Мадамин Мадазимов,  Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин Ассоциациясынын президенти  Талантбек Батыралиев баштаган кардиохирургия, кардиология, хирургия, эндовидеохирургия, урология боюнча белгилүү дарыгерлер, окумуштуулар, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, ординаторлор, студенттер катышты. 

Конференция “Кардиология, кардиохирургия”, "Учурдагы хирургия", "Урологиядагы инновациялар", " Жаш окумуштуулардын, аспиранттардын жана докторанттардын сынагы" деген темалардагы панелдик сессияларда уланды. 

Окумуштуулар, изилдөөчүлөр тарабынан заманбап кардиохирургия, кардиология, хирургия жана эндовидеохирургия урологиядагы актуалдуу маселелер боюнча баяндамалар жасалды.

Окумуштуулар медицинадагы заманбап технологиялар, илимий ачылыштар, бейтаптарды дарылоодогу инновациялык усулдар боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүп, талкуу болду. Билим берүү, илим изилдөө, эл аралык байланыштар багыттарында кызматташтыктар боюнча сөз болду. 

Конференцияннын соңунда  ректор Кудайберди Кожобековго жана Медицина факультетинде эмгектенген окутуучуларга, Медициналык клиниканын кызматкерлерине  Билим берүү жана илим министрлигинин  Ардак грамоталары тапшырылды.

Учурда окуу жайда  Медицина, Эл аралык медицина факультеттери, медициналык колледждери, Медициналык клиникалары, окуу, илимий лабораториялары бар.

Фото галерея