ОшМУнун медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмү ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун медициналык клиникасында кардиохирургия бөлүмү ачылды

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата окуу жайдын медициналык клиникасында  кардиохирургия бөлүмү ачылып, пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу аземге Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Түркия, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандагы кардиохирургия, кардиология, хирургия, эндовидеохирургия, урология боюнча белгилүү дарыгерлер, окумуштуулар, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты. Алар "Кардиохирургия" бөлүмүндө операцияларды жасоого, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга түзүлгөн шарттар менен таанышты. 
Бөлүм акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган. Буга чейин медициналык клиникада биринчи жолу кардиохирургия боюнча бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү хирургиялык операция жасалган. 
Бөлүмдүн ачылыш аземинин алкагында медициналык клиниканын алдына коноктордун катышуусунда “Ден соолук” көчөттөрү отургузулду.  
“Окуу жайдын медициналык клиникасында ачылып жаткан кардихирургия бөлүмүнүн ачылышы көптөгөн жарандарыбызга жеңилдиктерди алып келет. Эл аралык деңгээлдеги алдыңкы тажрыйбаларды ылайыкташтырууда, жаңы муундагы кардиохирургдарды даярдоодо бул өтө чоң мүмкүнчүлүк. Бул иш-чара ушул окуу жайдын өтө чоң адистик кудурети, мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык тажрыйбалары бар окуу жай экендигин кабарлайт. Президент 5 жогорку окуу жайга толугу менен автономиялык чечим кабыл алууга укук берген. Учурда бул окуу жайлар 4-муундагы окуу жайга айланды. Студенттер  билим, илим, көндүмдөрдү гана албастан өзүнүн алган билимдерин өндүрүшкө салып, монетизациялоо ийгиликтүү жүрүп жатат. Кардиохирургия бизге абдан керек, анткени бул оорулар жашарып бара жатат. Ооруларды алдын алуу ишмердүүдүүлүгүн жүргүзүүдө ОшМУ абдан жакшы иштерди жүргүзүп жатат. Илимге жана билимге азыр чек жок, алдынкы тажрыйбаларды алмашууда ОшМУ лидер окуу жайлардын катарына кирет”,- деди министр Догдуркүл Кендирбаева.
Учурда  ОшМУда  "Жаңы чакырыктар: медициналык билим берүүдө жана практикада инновациялык технологиялар” аттуу эл аралык конференция өтүп жатат.

Фото галерея