Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар арасында волейбол турнири башталды

Башкы Жаңылыктар

Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар арасында волейбол турнири башталды

Image

ОшМУда өлкөдөгү жогорку окуу жайлар арасында волейбол боюнча турнир башталды. Мелдешке агай, эжекелерден турган И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-абад мамлекеттик университети,  Баткен мамлекеттик университети,  А. Ж. Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык университети,  М. М. Адышев атындагы  Ош технологиялык университети,  Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек,  Эл аралык университет жана ОшМУнун оюнчулары менен 8 команда катышып жатат.

Турнир Ош мамалекеттик университетинин 85 жылдык мааракесина карата, 40 жашка чейинки жана андан жогорку категорияда өткөрүлүп жатат.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, ректордун кубогу ыйгарылат.

Фото галерея