Табият таануу жана агрардык технологиялар факультетинде эл аралык долбоорлор ишке ашат

Башкы Жаңылыктар

Табият таануу жана агрардык технологиялар факультетинде эл аралык долбоорлор ишке ашат

Image

Табият таануу жана агрардык технологиялар факультетинин деканы профессор Абдурашит  Низамиев  6-10-декабрь күндөрү Испаниянын Валенсия политехникалык университетинде  өткөн Ерасмус+ программасынын тренингине катышты.

“Армения менен Кыргызстанда дисциплиналар аралык дипломдон кийинки билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана географиялык маалыматтык технологиялар тармагындагы изилдөө тармактарын чыңдоо” (GeoTAK) аттуу долбоордун иш-чарасына Армениянын ЖОЖдорунан да өкүлдөр катышты. “Тренингде окуу жана илимий-изилдөө процессинде географиялык маалымат системаларын кеңири колдонуу маселелери каралды. Эми бул долбоордун ишин жана айтылган маалыматтарды окуу жайда да кеңири жайылтуу пландалууда” ,-деди  профессор Абдурашит  Низамиев.

Фото галерея