Ректор К.Кожобековдун  Кытайдагы иш сапары ийгиликтүү аяктады

Башкы Жаңылыктар

Ректор К.Кожобековдун  Кытайдагы иш сапары ийгиликтүү аяктады

Image

2023-жылдын 7-8-декабрь күндөрү Кытайдын борбору Пекин шаарында өткөн Кытай тилинин дүйнөлүк конгрессине ректор К.Кожобеков жана кыргыз-кытай факультетинин деканы  Токтосун Айтикеев катышты.

ОшМУнун  ректору “Кытай тилинин өнүгүү перспективалары” аталышындагы конференцияда “Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетинин (Конфуций институтунун) жетишкендиктери жана өзгөчөлүктөрү” аталышында баяндама жасады.

Жыйындын соңунда ОшМУнун ректору  Билим берүү жана илим министринин орун басары Л. Самыкбаева менен КЭРдин Билим берүү министринин жолугушуусуна катышты.

Ректор Кудайберди Кожобековдун Кытайга болгон иш сапары ийгиликтүү аяктады. Анда ректор Эл аралык QS рейтинги боюнча дүйнө жүзүндөгү “Эң мыкты 400” университеттин  катарына кирген Кытайдын Сямэнь университети менен ОшМУ кызматташуу келишимине кол койду. Ошондой эле Борбордук улуттар университети менен Орто Азия изилдөө борборун ачуу сүйлөшүлдү.

Фото галерея