Өзгөн медициналык колледжинде адабий-музыкалык кече өттү

Башкы Жаңылыктар

Өзгөн медициналык колледжинде адабий-музыкалык кече өттү

Image

Залкар жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы  тарабынан жарыяланган “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы”  3 айлыгынын алкагында Өзгөн медициналык  колледжинде  “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы”  аталышында адабий-музыкалык кече өттү.

Анда студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөрдү, обондуу ырларды аткарышты. Ошондой эле жазуучунун чыгармалынын негизинде тартылган сүрөттөрдүн сынагы өттү.
Кечеде жигердүү катышкан студенттер, сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Салтанаттуу иш-чарага колледждин директору Өзгөнбай Станбаев,  мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан өкүлдөр жана студенттер катышты.

 

 

Фото галерея