ОшМУнун кызматкерлери Түркиядагы эл аралыкка конгрессте баяндама жасашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкерлери Түркиядагы эл аралыкка конгрессте баяндама жасашты

Image

Анталия шаарында өткөн Түркиянын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган инженердик жана табигый илимдер боюнча эл аралыкка конгрессине  ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы, биология илимдеринин кандидаты, доцент Абсамат Саттаров жана дене тарбия факультетинин илимий иштери боюнча декандын орун басары Жыргалбек Үсөн уулу катышты.
Конгресс Түркия билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги, Билим берүү кесиптик бирликтеринин Евразиялык эл аралык уюму тарабынан уюштурулду. Иш-чарада Абсамат Саттаров “Памир Алай тоо системасынын кооптуу табигый кубулуштары” жана Жыргалбек Үсөн уулу “Ош облусунун тоо туризмин өнүктүрүүдө табигый обьектилеринин таасири” аталышында илимий баяндама жасашты.
Абсамат Саттаровдун “Памир Алай тоо системасынын кооптуу табигый кубулуштары” баяндамасында,  Алай, Чоң-Алай районунда катталган жер титирөөлөрдүн кесепттери, кырсыктан коргонуу жана аларды жоюу жана жерди кыртыштарын калыбына келтирүү иш-чаралары боюнча маалыматтар камтылган.
Ал эми, Жыргалбек Үсөн уулу  Ош облусунун тоо туризмин өнүктүрүүдө табигый обьектилеринин таасири,  Кыргызстандын түштүк аймагында тоо туризмин өнүктүрүүгө түзүлгөн шарттар боюнча  баяндама жасады.
Иш-чара  4-ирет өткөрүлүп жатат. Анда ушул жылдын февраль айында  Түркиянын  Кахраманмараш провинциясында, Газиантеп шаарында болгон ири жер титирөөлөргө байланыштуу инженердик жана табигый илимдерге багытталып өткөрүлдү.
Ага  дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн өкүлдөр  катышып, илимий баяндамалар Билим берүү кесиптик бирликтеринин Евразиялык эл аралык уюму тарабынан атайын сайтка жайгаштырылат.

Фото галерея