ОшМУда ЖОЖдордун каржылык-экономикалык көз карандысыздыгы талкууланууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда ЖОЖдордун каржылык-экономикалык көз карандысыздыгы талкууланууда

Image

Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүүгө багытталган Эразмус+ программасынын DEFA долбоорунун ишмердүүлүгүнө бир жыл болду. Учурда бул долбоордун консорциумуна өлкөдөгү 12 жогорку окуу жай жана Германиянын, Италиянын эки эл аралык жогорку окуу жайы кирген.

Буга байланыштуу 6-декабрда долбоордун алкагында  "Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү" аттуу семинары ишин баштады.

Семинарга долбоордун консорциумуна кирген Германиянын Отто фон Гёрике, Италиянын CESIE, Флоренция университеттеринин,  Кыргызстандагы 12 жогорку окуу жайынын жана түштүк регионундагы университеттердин ректорлору, тиешелүү өкүлдөрү катышып жатат.

Иш-чараны ОшМУнун инвестициялар жана өнүгүү боюнча проректору Кубаныч Токторов ачты. Ал Кыргызстандагы университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү багытында ишке ашып жаткан долбоордун алкагында консорциумга кирген өнөктөш окуу жайлар менен өз ара тажрыйба алмашууда чоң өбөлгө болорун белгиледи.

Жыйындын алкагында долбоордун улуттук координатору, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров DEFA долбоорунун жыл ичиндеги ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Күндүн экинчи бөлүгүндө өнөктөш университеттердин координаторлору долбоор боюнча аткарылган иш-аракеттер, финансылык сатып алуулар боюнча отчетторду беришет. 

Семинардын экинчи күнүндө долбоордун өнөктөш-катышуучулары университеттердин финансылык автономиясын өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасындагы университеттердин финансылык автономиясынын моделин киргизүү боюнча жол картасын талкуулашат. Андан сырткары Германиянын Отто фон Гёрике университетинин тажрыйбасында адистерди тандоо жана штат түзүү механизмдерин карап чыгышат.

Фото галерея