ОшМУнун эң мыкты 10 студенти 1200$ өлчөмүндө «Атуулдук стипендия» алды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун эң мыкты 10 студенти 1200$ өлчөмүндө «Атуулдук стипендия» алды

Image


Кыргызстандагы эң абройлуу стипендиялардын катарындагы ОшМУнун “Атуулдук стипендиясы” окуу жайдын эң мыкты 10 студентине тапшырылды. Стипендия тапшыруу ушул жылдын 29-ноябрь күнү “Атуулдук стипендиянын” 10 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу кечеде өттү. 
“Атуулдук стипендия” 10 жылдан бери туруктуу берилип келет. Стипендия 1 студентке  айына 100 долларды, жылына 1200 АКШ доллары өлчөмүндө берилет. Аны өз алдынча аракеттенип, коомдук иштерге активдүү катышып келген, сабактарын мыкты өздөштүргөн, ОшМУдан сырткары  чет өлкөлөргө чыгып, илимий, билим берүү жаатында  өз тажрыйбаларын кеңейтип, кесиптик чеберчиликтерин өнүктүрүп келе жаткан студенттерге сынактын негизинде ыйгарылат. 
 10 жылдык мааракелик иш-чарага буга чейин стипендиат болуп, учурда түрдүү тармакта үзүрлүү эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр конок катары чакырылды. Алар стипендия алган учурдагы сезимдери, ийгиликтери тууралуу айтып, жалпы студенттерди дайыма талыкпай билим алууга чакырышты. Жолугушуунун алкагында “Атуулдук стипендия” алган стипендиаттардын бирикмеси түзүлөөрү айтылды. 
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков аземде сүйлөгөн сөзүндө: “Мен буга чейин да айтып жүрөм бул стипендия студенттерге Нобель сыйлыгы сыяктуу. Бул стипендияны берүү чечимин айтканда профессор агайыбыз мен да бир убакта Сталиндик стипендия менен окудум эле. Ошол кыйынчылык мезгилде биз стипендия менен бийик ийгиликтерге жеттик. Студенттик мезгилде алган стипендиямды кайра мамлекетке кайтарып беришим керек. Көп жыл ойлондум, эң жакшы үлгү катары мен ушул жыйган каражатымды студенттерге мөөнөтсүз стипендия кылып берүүнү чечтим деди. Бул стипендия ОшМУ канча жашаса ошончо жашай турган стипендия болуп калды. Жыл өткөн сайын же стипендиянын өлчөмү, же алган студенттердин саны көбөйүп турат. Андыктан сиздерди да бүгүн ушундай тарыхый учурда стипентияны алып жаткандыгыңар менен куттуктайм”, -деди. 
Стипендиаттар жыл сайын «ОшМУнун мыкты студенти» конкурсу жөнүндө жобонун негизинде тандалып алынат.  Жобого ылайык конкурс 2 этаптан менен өтөт. 1-этап факультеттик деңгээлде, ал эми 2-этап университеттик деңгээлде өткөрүлөт. 

2023-2024-окуу жылындагы “Атуулдук стипендияга”  Эл аралык билим берүүнүн программаларынын жогорку мектебинин  туризм программасынын студенти Жанарбек кызы Элнура,  Медицина факультетинин дарылоо иши адистигинин  студенти Ирода Алиева, Кыргыз-Кытай факультетинин студенти Айбек кызы Элнура, МИТ факультетинин студенти Зулайка Аппозова, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика адистигинин студенти Арууке Камалдинова,  Медицина факультетинин фармация адистигинин студенти Динара Камчыбекова, Тарых жана социалдык иштер факультетинин студенти Элнура Кудайбердиева, Эл аралык мамилелер факультетинин студенти Эрнис Ормонов, Орус филология факультетинин студенти Зарина Апышева, Искусство факультетинин студенти Гүлмайрам Колдошова ээ болушту.
 Бул стипендия ОшМУда эмгектенген, илимдин доктору, профессор меценант агай тарабынан берилип келет. Агай өзүнүн өмүр бою жыйнаган мүлкүн банкта сактап, аны окуу жайга мурастап, мыкты окуган, өзгөчөлүккө ээ болгон студенттерге стипендия кылып берүү оюн билдирген. ОшМУнун жетекчилиги бул стипендияны 50 жыл бою төлөөгө банк–профессор агай–университет болуп, үч тараптуу келишим түзүшкөн.
2012-жылдан тартып “Атуулдук стипендия” алган студенттердин саны 45 ке жетти.

Фото галерея