Күзгү Хакатондо ОшМУнун программисттери байгелүү орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Күзгү Хакатондо ОшМУнун программисттери байгелүү орунду ээледи

Image

Бишкек шаарындагы Кыргыз-Германия прикладдык информатика институту тарабынан уюштурулган университеттер аралык Күзгү Хакатондо ОшМУнун Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин  “ОшМУ 1”, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин “ОшМУ 2” командасы катышты.

Жыйынтыгында жалпы эсеп боюнча Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин “ОшМУ 1”  командасы 3-орунду ээледи.

Окутуучу Токтобубу Арапова жетектеген команданын курамында 3-4-курстун студенттери Акматбек кызы Венера, Баяман Жолонов, Кымбатбек уулу Низами катышты.

Университеттер аралык Күзгү Хакатондо “ОшМУ 1” командасы кечки саат 19-00дөн танкы саат 8-00гө чейин РСК банктын “Электрондук кезек” микросервистик программасын түзүү тапшырмасын аткарышты.

Күзгү Хакатонго программист адистерин даярдаган республикадагы жогорку окуу жайларынан барган командалар катышты. Уюштуруучулар тарабынан дипломдор, акчалай сыйлыктар берилди жана РСК банкы тарабынан жумушка алуу сунушу берилди.

 

 

 

Фото галерея