ОшМУда “Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борбору” ачылды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борбору” ачылды

Image

ОшМУ Кытай Эл Республикасынын Борбордук улуттар университети менен биргеликте “Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борборун”ачты. Ачылуу аземине Борбордук улуттар университетинин ректору Цун Го Гуаншэн баштаган делегация катышты.

“Кыргыз-кытай гуманитардык алмашуу борборун” ачуу келишимине 2019-жылы Пекин шаарында кол коюлган. 2021-жылы Борбордук улуттар университетинде “Кыргыз-Кытай гуманитардык алмашуу борбору” ачылып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат.

Эки окуу жайдын базасында ачылган борборлордун жардамында келишимдерге ылайык студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздору биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, эки элдин классикалык чыгармаларын которуу долбоорлору ишке ашат.

Фото галерея