Элчи Өмүрбек Текебаев студенттерге лекция окуду

Башкы Жаңылыктар

Элчи Өмүрбек Текебаев студенттерге лекция окуду

Image

ОшМУнун чыгыш таануу институтунда Кыргыз Республикасынын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өмүрбек Текебаев конок лекция окуду. 
Онлайн форматта уюштурулган конок лекция "Кыргызстан - Германия дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" деген темада өттү. Ага институттун студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты. 
Лекцияны окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков ачып, мындай конок лекциялар окутуучулар, магистранттар, студенттер үчүн пайдалуу болорун белгиледи. 
“Конок лекция Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу студенттерге, магистранттарга жана профессордук-окутуучулук курамга маалымат берүү максатында уюштурулду. 24-ноябрда Кыргызстандын Пакистан Ислам Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Уланбек Тотуяевдин "Кыргызстан-Пакистан дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" деген темада конок лекция өтүүсү күтүлүүдө”,-деди Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев.

Фото галерея