ОшМУда кургак учукка каршы күрөшүү иштери жанданат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда кургак учукка каршы күрөшүү иштери жанданат

Image

USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоору өлкө аймагы боюнча бардык жарандар арасында кургак учукка кабылган адамдарга мамиле боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. Ага ылайык Ош жана Баткен облусу боюнча жаштар арасында кургак учук илдетине кабылган жаранды кодулоо жана басмырлоо чоң көрсөткүчтү көрсөткөн. 
Буга байланыштуу эки жыл мурун кургак учук илдети боюнча жаштарга маалыматтык компания уюшутурулуп, өткөрүлүп келүүдө.  
Иш-чараларды мындан ары дагы илгерилетүү үчүн 21-ноябрда ОшМУ менен Ош олблустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумго кол коюлду. 
Ага Ош олблустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Конушбек Сакмаматов, USAIDдин Кургак учукту айыктыруу долбоорунун  социалдык жүрүм турумдарды өзгөртүү боюнча адиси Анарбек Алимахунов, ректор Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева катышты.
Меморандум 5 жылга түзүлдү. Анда ОшМУ Ош олблустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору менен кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу багытындагы иш-чараларды биргеликте уюштуруп, өткөрөт.
ОшМУнун коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева “ОшМУда USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунун алкагында кургак учукка каршы күрөшүү жана алдын алуу багытында иштер эки жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Медицина жана Кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттеринин студенттерин атайын окутуудан өткөрүп, 60ка жакын ыктыярчы даярдалды. Ыктыярчылар окуу жайдагы башка факультет колледждерде билим алган студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү”- деп билдирди.

Фото галерея