Кадыр-баркың бийик болсун эне тил

Башкы Жаңылыктар

Кадыр-баркың бийик болсун эне тил

Image

Бүгүн, 25-сентябрда  Мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына арналган “Кадыр-баркың бийик болсун эне тил” аттуу майрамдык салтанат өттү. 

Майрамдык иш-чарада  ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жалпы жамаатты мамлекеттик тил майрамынын 34 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Кечеде студенттер кыргыз тилинин гимнин хор ырдашты. Факультет, колледждердин таланттуу студенттери кыргыздын улуттук өнөрүн тартуулап, кыргыз тилин даңазалаган обондуу ырларды, сахналык коюмдарды  аткарышты.

Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу ыкмалары, көп тилдүү билим берүү маселелери боюнча баяндамалар орун алды.

Мамлекеттик тил күнүнө карата окуу жайдын илимий китепканасы тарабынан китеп көргөзмөсү коюлду.  Кечени ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова  уюштурду.

 

 

Фото галерея