Сырттан жана дистанттык билим берүүдө электрондук ресурстарынын ролу

Башкы Жаңылыктар

Сырттан жана дистанттык билим берүүдө электрондук ресурстарынын ролу

Image

2023-жылдын 18-май күнү ОшМУнун сырттан жана дистант боюнча проректору, профессор Таасилкан Жумабаеванын демилгеси менен  "Сырттан жана дистанттык билим берүүдө электрондук ресурстарынын ролу" аттуу семинар болуп өттү. Семинардын максаты: дистанттык билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө, электрондук ресурстарынын ордун көрсөтүү жана заман талабына ылайык адистерди даярдоодо окутуучулардын электрондук окулуктарды колдонуудагы , окуп-үйрөнүүдөгү  маселелери  айтылды.

Мындан сырткары 2020-21-окуу жылындагы дистанттык технологияларды пайдаланууда "Мыкты окутуучу" сынагынын жеңүүчүсү Ш.Оморов жана МИТ факультетинин деканынын сырттан жана дистанттык  окуу боюнча орун басары Абдимиталип уулу К. өз тажрыйбалары менен бөлүшүштү.  Семинар заман талабына жараша гибриддик системада  өткөрүлдү. Катышуучулар QR код менен катталып, онлайн форматта гугл миит  аркылуу студенттер да кошулууга мүмкүнчүлүк болду. Семинардын катышуучулары  онлайн анкетадан өтүп, учурдун  талабына ылайык  сырттан жана  дистанттык билим берүүдө окутуунун бир платформасына өтүү менен гибриддик системаны кабыл алууну сунушташты.