ОшМУда DEFA Эразмус+ долбоорун ишке ашыруу башталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда DEFA Эразмус+ долбоорун ишке ашыруу башталды

Image

2023-жылдын 2-3-февралында Евробиримдиктин Эразмус+ программасы тарабынан каржыланган “Кыргызстандын ЖОЖдорунун финансылык автономиясын өнүктүрүү” долбоорунун биринчи жыйынты өттү.  Иш-чара  Бишкек шаарындагы Раззаков атындагы  Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде уюштурулуп, ага Билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулу, билим берүү министринин кеңешчиси Алмаз Ибраев, Эразмус+ өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы улуттук координатору Исаева Г.Р. катышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков да иш-чарага катышып,  университеттин структурасы, аткарылып жактан иштер, жетишкендиктер техникалык база боюнча презентация жасады.

Президенттин  5 университетке өзгөчө статус берүү жөнүндөгү  Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында укуктук-нормативдик актылар иштелип чыгууда. Ушуга байланыштуу бул долбоор университеттин стратегиялык өнүгүүсүнүн максаттуу милдеттерине жооп берип, ЖОЖдорду өз алдынча каржылык башкарууга өтүүсүнө  жол ачат.

DEFA долбоорунун максаты университеттин каржылык өз алдынча башкаруусунун жаңы системасын иштеп чыгуу, аны сыноо, финансылык автономияны кеңейтүү жана жогорулатуу болуп саналат. DEFA долбоорунун алкагында Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын финансылык-экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуунун перспективалары изилденип, анын мыйзамдык жактан бекитилген модели иштелип чыгат. Анын негизинде Кыргызстандын ЖОЖдорунун финансылык ишмердүүлүгүндөгү ыйгарым укуктары такталат.

 

Фото галерея