ОшМУга 13 PhD докторант кабыл алынды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУга 13 PhD докторант кабыл алынды

Image

2023-жылдын 30-январында ОшМУнун PhD докторантурасында жаңы ачылган  филология жана колдонмо математика жана информатика багыттарына кышкы кабыл алуу болуп өттү. PhD докторантурага  15 талапкер документ тапшырып, алардан 13 кабыл алынды.
Бүгүнкү күндө ОшМУда PhD докторантура багытында беш программа иштеп, анда 40 докторант билим алууда.  Алар математика, коомдук саламаттыкты сактоо жана медицина, экономика, физика, электроэнергетика жана электротехника. 
Ош мамлекеттик университети  2021-жылдан тартып PhD тармак боюнча докторду даярдоо программаларын ишке ашырууну баштады. 2021-жылы  ОшМУда алгачкы жолу PhD докторантура программасы  Erasmus+ программасынын  Derecka  долбоорунун алкагында  ачылып, докторанттарды кабыл алууну баштаган. 
Университетте докторантура программаларын ишке ашыруу үчүн материалдык-техникалык базаны түзүүгө жалпы суммасы 180 миң евродон ашуун гранттык колдоо көрсөтүлдү.