Кесиптик бирлик комитети Жамааттык келишимди кайрадан иштеп чыкты

Башкы Жаңылыктар

Кесиптик бирлик комитети Жамааттык келишимди кайрадан иштеп чыкты

Image

Бүгүн, 1-февральда ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин жыйыны өттү. Жыйынга окуу жайдагы комитеттин бардык структураларындагы мүчөлөрү катышты. Анда катышуучулар ОшМУнун ректораты жана биргелешкен кесиптик бирлик комитетинин ортосунда 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык жана эмгек маселелери боюнча иштелип чыккан Жамааттык келишимди талкуулашты. 
Буга чейин окуу жайдын кесиптик бирлик комитети 2019-жылдагы расмий тилдеги Жамааттык келишим менен иш жүргүзүп келишкен. Азыркы жаңыдан иштелген Жамааттык келишимге өзгөртүүлөр, кошумчалар, түзөтүүлөр киргизилип, кыргыз жана орус тилдеринде даярдалган.
Отурумдун жүрүшүндө ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Абсамат Саттаров комитеттин 2022-жылы үчүн жүргүзүлгөн иштери боюнча маалымат берип, 2023-жылдын иш планы менен тааныштырды.
Ош мамлекеттик университетинин кесиптик бирлиги – административдик-башкаруу жана профессордук-окутуучулук курам, окуу-көмөкчү персоналдар мүчө болгон өлкөдөгү эң ири коомдук уюмдардын бири. Комитет окуу жайдын эмгек жамаатын укуктук жана социалдык жактан коргоого алып, эмгекти жана саламаттыкты коргоо,  кызматкерлердин эс алуусун уюштуруу, спортту колдоо ж.б. иш-чараларын иштеп чыгып сунуштайт жана алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Фото галерея