ОшМУнун студенттери «Алайку Technopolis-one» стартаптарын ишке ашыруу үчүн грант алышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун студенттери «Алайку Technopolis-one» стартаптарын ишке ашыруу үчүн грант алышты

Image

Ишкердикти колдоо, таланттуу жана чыгармачыл жаштарды аныктоо максатында, Алайку Органикс Ош облусунда аймактагы биринчи эки жумалык «Technopolis-one» хакатонун өткөрдү.

Алайку технополисинин расмий ачылышы болуп, ага университеттин студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова жана Жаштар бизнес паркынын директору Эрлан Камалов катышты.

Хакатон бул “бизнес идеялардын марафону” – иштеп чыгуучулар үчүн форум, анын жүрүшүндө программалык камсыздоону иштеп чыгуунун ар кандай чөйрөлөрүнүн адистери (программисттер, дизайнерлер, менеджерлер) бир нече убакытка көйгөйдү чечүү үчүн чогуу иштешет.

Алайку Technopolis One хакатонуна ОшМУнун Жаштар бизнес паркынын 23 резидент студенти катышып, баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Баш байге – 1000 доллар грант жана 1000 доллар инвестицияны  ОшМУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Шайырбек Бактыбек уулу стоматологдор үчүн CRM системасы “Дент Тиш” долбоору менен алды. Ушул эле иш-чарада Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин студенти Актилек Сооронбай кызы жүндөн органикалык жер семирткичтерди өндүрүүгө багытталган стартап долбоорун ишке ашыруу үчүн 1000 долларлык инвестиция утуп алды.

Ал эми өзгөчөлөнгөн катышуучуларга ОшМУнун илимий иштери боюнча проректору Руслан Арапбаев университеттин профилакториясында эс алууга жолдомолорду тапшырды.

Фото галерея