ОШМУда  “СТУДЕНТ ЖАНА  ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС” АТТУУ  IX  АЙМАКТЫК  СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ  ӨТКӨРҮЛДҮ

Башкы Жаңылыктар

ОШМУда  “СТУДЕНТ ЖАНА  ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС” АТТУУ  IX  АЙМАКТЫК  СТУДЕНТТИК ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ  ӨТКӨРҮЛДҮ

Image

Ош мамлекеттик университетинде  2022-жылдын 26-ноябрында    “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IX аймактык студенттик илимий конференция өткөрүлдү.  

Конференцияга  түштүк аймагындагы  жогорку окуу жайларынан алдыңкы студенттер, магистранттар жана алардын илимий жетекчилери, ЖОЖдордун илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү,  илим, аспирантура  бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Пленардык жыйында   5 жогорку окуу жайдын студенти баяндама жасады. Конференциянын иши  илимдин бир нече багыттары боюнча иш алып барган 17 секцияда уланды.

“2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул салттуу иш-чара студенттик коомчулуктун жана жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын жана жыйынтыктарын талкуулоо, колдонуу үчүн максаттуу, жалпы аянтчага айланды. Студенттердин, магистранттардын илимий изилдөөлөрүн активдештирүүгө, өнүктүрүүгө адис катары көндүмдөрдүн пайда болуусуна жана калыптануусуна өбөлгө түзүп келет. Ошону менен бирге, аймактык конференция студенттердин идеяларын бириктирүүгө, илимге кызыккан жаштардын байланыштарын бекемдөөгө салым кошууда. Конференцияга 400гө жакын  жаш илимпоздордун илимий макалалары  пленардык, секциялык жыйындарда талкууланды жана мыкты баяндамачыларга дипломдор ыйгарылды”, − деди Аспирантура  башчысы, конференциянын уюштуруучусу Гүлжамал Анарбаева.

Фото галерея