Ардагер окутуучуларга жана кызматкерлерге сый урмат көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

Ардагер окутуучуларга жана кызматкерлерге сый урмат көрсөтүлдү

Image

ОшМУда эмгектенип жаткан жана эс алуудагы 400дөн  ашуун ардагер окутуучулар, кызматкерлер үчүн  сый кече уюштурулду.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Камкорчулар кеңешинин төрагасы Балтагул Нурунбетов, кесиптик бирликтин төрагасы Абсамат Саттаров, ОшМУнун Ардагерлер кеңешинин төрагасы  Капар Зулпукаров  жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган агай-эжейлерди, кызматкерлерди куттуктады. Чың ден соолукта  университеттин ийгиликтеринде дайыма баш болуп, калыс пикирлерин айтып, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн тилешти.

Кечеге ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигинде окуп жаткан 85 жаштагы Мамат Кулматов аксакал да конок катары чакырылды.  Окуу жайдын ректору жамааттын алдында куттуктап, билим алуунун эч качан эрте-кечи болбой тургандыгын ушул аксакал далилдеп жаткандыгын белгиледи жана анын окуусундагы келишимдик акысына окуу жайдан жеңилдиктер караларын кошумчалады.

Ардагер окутуучу, кызматкерлер ак баталарын беришти.

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата жыл сайын окуу жайдын ректораты, кесиптик бирлиги тарабынан иш-чара уюштурулуп, ардагерлерге арналып дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, ар бирине акчалай сыйлыктар берилип келет.

Майрамдык кече ОшМУнун таланттуу агай-эжейлеринин, студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

Фото галерея