ОшМУда Россия элдер достугу университетинин апталыгы өттү

Башкы Окуялар

ОшМУда Россия элдер достугу университетинин апталыгы өттү

Image

19–24-октябрда Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинде Патрис Лумумба атындагы Россия элдер достугу университетинин (РУДН) Орус тили институтунун көчмө мектебинин апталыгы өттү.

Анын жүрүшүндө РУДНдун окутуучулары факультеттин студенттери менен профессордук-окутуучулук курамына конок лекцияларды окуду. Лекциялар орус тил илими, адабият таануу жана орус тили менен адабиятын окутуунун заманбап методикасы боюнча болду.

Ошондой эле орусиялык окумуштуулар студенттер менен жолугуп, окутуучулар менен тажрыйба алмашты. Коноктор үчүн маданий программа да уюштурулуп, алар университеттин иши жана шаардын көрүнүктүү жерлери менен таанышты. Аягында конок окутуучуларга ОшМУнун Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Бул сапар эки университеттин ортосундагы академиялык байланыштарды жана кызматташтыкты чыңдоого багытталды.

Фото галерея