ОшМУ Самарканд университетине 50гө жакын китеп белекке берди

Башкы Окуялар

ОшМУ Самарканд университетине 50гө жакын китеп белекке берди

Image

Ош мамлекеттик университетинин делегациясы Шароф Рашидов атындагы Самарканд мамлекеттик университетинде ачылган Кыргыз тили жана маданияты борборуна 50гө жакын китеп тапшырды.

Делегациянын курамындагы профессор жана доценттер Венера Сабирова, Тотукан Дыйканбаева, Сейданахан Алимбаева, Дамира Асанова борбордун ачылышына да катышты.

Китептердин көбү университеттин доценттери Абдымиталип Мурзакметов менен Бактыгүл Байтикованын жана башка окутуучулардын жеке китепканаларынан чогултулган. Белекке берилген адабияттар борбордун китеп фондун толуктап, студенттердин, изилдөөчүлөрдүн кыргыз тилин, адабиятын жана маданиятын тереңирээк үйрөнүүсүнө шарт түзөт.

Сапардын жүрүшүндө делегация 22–24-октябрда Самарканд мамлекеттик университетинде өткөн «Борбордук Азиянын интеграциясы процессинде маданият, лингвистика жана адабияттын интеграциялануу көйгөйлөрү» аттуу эл аралык конференцияга да катышты.

Фото галерея