ОшМУнун өкүлү Кытайда жасалма интеллект, санариптик билим берүү боюнча тажрыйба топтоду

Башкы Окуялар

ОшМУнун өкүлү Кытайда жасалма интеллект, санариптик билим берүү боюнча тажрыйба топтоду

Image

Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун кафедра башчысы Аида Келдибекова 13–21-сентябрь күндөрү Ланьчжоу шаарында өткөн окуу программасында жаңы технологияларды билим берүү тармагына киргизүү боюнча тажрыйба топтоду. 

«AI технологиялары жана санариптик билим берүү индустриясында өз ара аракеттенүүнү жолго коюу аркылуу билим берүү чөйрөсүндөгү Борбордук Азия лидерлигин жогорулатуу» аттуу программага Кыргызстандын беш жогорку окуу жайынын, Өзбекстандын билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.  

Окуу учурунда Кытайдын окумуштуулары, санариптештирүү боюнча эксперттери жасалма интеллектти мектептерде, жогорку окуу жайларда колдонуу, санариптик билим берүү саясаты жана билим берүүнү башкаруу боюнча лекцияларды өткөрүштү. Катышуучулар жасалма интеллектти билим берүүдө колдонуунун практикалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, Ланьчжоу кесиптик-техникалык университети, Ресурстар жана айлана-чөйрө университети, бир катар илимий-билим берүү мекемелерине барышты.

Программанын соңунда Борбор Азиядагы санариптик билим берүүнүн абалы, келечектеги өнүгүү багыттары, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Программа Ганьсу провинциясынын Элдик өкмөтүнүн алдындагы Билим берүү жана чет өлкөлүк иштерди башкаруу департаментинин колдоосу менен Түндүк-Батыш педагогикалык университети тарабынан уюштурулган.

 

Фото галерея