ОшМУда «Ынтымак жумалыгы – 2026» өтүп жатат

Башкы Окуялар

ОшМУда «Ынтымак жумалыгы – 2026» өтүп жатат

Image

Быйылкы жумалыкта жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө, тынчтыкты бекемдөөдө жаштар менен аялдардын ролу талкууланууда.

25-сентябрда жумалыктын ачылыш аземине мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттер катышты.

Ачылышта Президенттик администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр, башкаруу реформаларын иштеп чыгуу, мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Ош мэринин орун басары Эрнис Толтоев, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөп, катышуучуларды жумалыктын башталышы менен куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Фергана өрөөнүндө социалдык ынтымакты бекемдөө, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүдө жарандык демилгелердин орду, аялдардын жергиликтүү лидерлигин күчөтүү, жаштардын коомдук процесстерге катышуусу боюнча пикир алмашуулар өтөт. Ошондой эле гендердик зомбулуктун алдын алуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, санариптик мейкиндиктеги коопсуздук, кастык тилинин алдын алуу жана коомдогу жоопкерчилик темалары талкууланат.

Иш-чараларга ОшМУнун студенттери менен окутуучулары да активдүү катышууда.

«Ынтымак жумалыгы – 2026» коомдогу өз ара ишенимди, кызматташтыкты бекемдөөгө, жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө, жаштар менен аялдардын коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүүгө багытталган.

 

Фото галерея