Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУга келди

Башкы Окуялар

Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУга келди

Image

Бүгүн, 29-апрелде Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Янне Хейсканен Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) иш сапары менен келди. Бул Финляндия элчилигинин өкүлдөрүнүн университетке болгон алгачкы расмий визити.

Элчини окуу жайдын тышкы байланыштар боюнча проректору Курсант Аттокуров тосуп алды. Жолугушууда университеттин ишмердүүлүгү, эл аралык кызматташтык багытындагы долбоорлор, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялануу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Тараптар Финляндиянын жогорку окуу жайлары менен кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашты. Курсант Аттокуров университет фин окуу жайлары менен академиялык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. 

Өз кезегинде элчи Янне Хейсканен жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, фин университеттери менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты. 

Иш сапардын алкагында коноктор ОшМУнун окуу корпустары, материалдык-техникалык базасы менен да таанышты. Ошондой эле студенттер менен жолугушуу өткөрүп, Финляндия эмне себептен көп жылдар бою дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө катары таанылып келе жаткандыгы тууралуу шыктандыруучу лекция окуду.

 

Фото галерея