Адабият күнүнө арналган ири интеллектуалдык таймаштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Башкы Окуялар

Адабият күнүнө арналган ири интеллектуалдык таймаштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Image

12-декабрда Адабият күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде студенттер арасында интеллектуалдык таймаш уюштурулду. Акыл таймашка окуу жайга караштуу  институттар, факультеттер жана колледждерден жалпы 19 команда катышты.

Таймаш төрт баскычтан туруп, катышуучулар Чыңгыз Айтматов, Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча суроолорго жооп беришип, логикалык тапшырмаларды аткарышты. Ошондой эле Kahoot платформасында интерактивдүү оюн өткөрүлүп, командалар тез ойлоону, туура чечим чыгара билүүнү талап кылган логикалык, аналитикалык тапшырмаларды аткарышты. 

Жыйынтыгында 3-орунду "Акыйкат", 2-орунду "Эсперанто" командасы алды. Ал эми биринчи орунга Индустриалдык педагогикалык колледжинин "Мурас" командасы ээ болду. 

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөрдүн сертификаттары тапшырылды. Мындан тышкары Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун "Тилиммен" командасы менен Педагогика искусство жана журналистика институтунун Pedgrils командасы активдүү катышканы үчүн ыраазычылык баракчалары менен сыйланды. 

Иш-чара студенттердин көркөм адабиятка болгон кызыгуусун жогорулатуу, улуу жазуучулардын мурастарын терең үйрөтүү жана жаштардын логикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында Студенттенттик кеңеш тарабынан уюштурулду.