Лекция “Кыргызстандагы венгриялык илимий кызыкчылыктар” деген темада болуп,аны белгилүү түрколог, Венгрия Илимдер академиясынын профессору, PhD, Иштван Шанта окуйт. Ал өзүнүн докладында Кыргызстандагы, атап айтканда Кыргызстандын түштүгүндөгү, венгерлердин изилдөөлөрүнүн максаттарын ачып берет. Ошондой эле Кыргызстанга басым жасоо менен Дэвид Шомфаи Кара менен Борбордук Азиядагы 5 жылдык биргелешкен изилдөөлөргө сереп салынат. Лекциянын жүрүшүндө 1906-жылы Венгрияга кыргыз эпосторун которгон Дёрдь Алмашиге жардам берүү үчүн барган Турган Бердике уулу жана анын изин Кыргызстанда издөө тууралуу кыска метраждуу тасма көрсөтүлөт. Доклад музыканы жана үндөрдү чогултуу долбоору тууралуу жана анын жыйынтыгы катары Түштүк Сибирдин, Түндүк жана Түштүк Түркстандын үн сүрөттөрү түзүлүүсү жөнүндө болгон аңгеме менен аяктайт.
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус Общий отдел: +996 3222 7-07-12, факс +996 3222 7-09-15, edu@oshsu.kg
Приемная комиссия: +996 3222 7-08-18, priem@oshsu.kg