Университеттин медициналык клиникасында медициналык кароодон өткөрүү жараяны жүрүүдө

Башкы Жарыялар

Университеттин медициналык клиникасында медициналык кароодон өткөрүү жараяны жүрүүдө

Окуу жайдагы кызматкерлер  жана студенттер ушул жылдын  14-сентябрынан тартып университеттин медициналык клиникасында санитардык китепчеге медициналык кароодон өтүп башташты. Кызмат акы 120 сом деп бекитилип, флюрографияга  тартуу, терапевт дарыгердин кароосу  кызматтары бар жана акырында жумушка уруксат мөөрү басылат.

Ошондой эле, университеттин  медицина тармагында билим алып жаткан студенттер үчүн да атайын медициналык кароо уюштурулган. Бул кызмат көрсөтүүнүн өлчөмү жергиликтүү студенттер үчүн  500 сом, ал эми чет элдик студенттер үчүн  900сом деп бекитилген. Аталган кызмат көрсөтүүгө: флюрографияга  тартуу, терапевт  дарыгердин кароосу, гепатит В-С анализин тапшыруу, ВИЧ инфекциясын аныктоо жүргүзүлүп акырында жумушка уруксат мөөрү басылат.

Бул иш-аракеттер жыл аягына чейин уланат. Келип медициналык кароодон өтүп, санитардык китепчелериңиздерди толтуруп кетсеңиздер болот.

Медициналык кароодон өтүүнүн жадыбалы