Петрозаводск мамлекеттик университети 2-семестрге студентерди кабыл алат

Башкы Жарыялар

Петрозаводск мамлекеттик университети 2-семестрге студентерди кабыл алат

Петрозаводск мамлекеттик университети студентерди 2022-2023-окуу жылынын экинчи семестри үчүн кабыл алууну баштады. Аталган университетте төмөнкү институттар бар:

* Биология, экология жана агротехнология институту

* Чет тилдер институту

* Тарых, саясий жана коомдук илимдер институту

* Математика жана маалыматтык технологиялар институту

* Педагогика жана психология институту

* Дене тарбия, спорт жана туризм институту

* Филология институту

* Экономика жана укук институту

* Медицина институту

* Физика-техника институту

Кабыл алуу 25-ноябрга чейин жүрөт. Берилген орундардын саны – 10.

2-3-курстун студенттери катыша алат. Окуу акысыз, жатакана наркы 500 рублдын тегереги болот. Калган чыгымдар студенттердин өздөрүнүн чөнтөгүнөн. Окуу жай тууралуу кошумча маалыматты бул шилтемеден алсаныздар болот: https://petrsu.ru/structure/2747/sektor-obmennyh-programm  

Биздин дарек: мурунку Кыргыз-Европа факультети, 203-кабинет.

Болжол: башкы корпус. Байланыш үчүн телефондор: 03222 7-09-97. Электрондук дарек: oshsu.oms@gmail.com.