Урматтуу кесиптештер жана студенттер! 

Башкы Жарыялар

Урматтуу кесиптештер жана студенттер! 

Сиздерди  2022-жылдын  26-ноябрында өткөрүлүүчү  “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу  IX  аймактык  студенттик илимий конференцияга чакырабыз.

Конференциянын илимий багыттары

  1. Физика-математика илимдери;
  2. Информациялык технологиялар жана санариптештирүү;
  3. Табигый илимдер;
  4. Экономика илимдери;
  5. Медицина илимдери;
  6. Коомдук илимдер;
  7. Гуманитардык илимдер;
  8. Инженердик-техникалык илимдер.

Конференцияга катышуунун шарттары

  1. Макала “ОшМУнун жарчысы” илимий журналынын талаптарына ылайык  жөнөтүлөт (талаптар тиркелет).       
  2. Макаланын илимий багыты, автору (авторлору) жөнүндөгү кыскача маалыматтар (курсу, тайпасы, факультети, окуу жайы, жана илимий жетекчисинин аты-жөнү, илимий даражасы, наамы, кызматы, иштеген жери, телефон номерлер) башка баракка көрсөтүлөт.
  3. Конференцияга катышуу үчүн макалалар 2022-жылдын 5-ноябрына чейин aspirantura.oshgu@mail.ru электрондук почтасы боюнча кабыл алынат. 

        Байланыш телефондору: (03222) 7-07-61,  0779 (0559) 56 29 29

        Уюштуруу тобу