Урматтуу ОшМУда билим алып жаткан Өзбекстан Республикасынын жарандары.

Башкы Жарыялар

Урматтуу ОшМУда билим алып жаткан Өзбекстан Республикасынын жарандары.

“Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 17-июлундагы № 61 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 449 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 5 жумушчу күндүн ичинде жашаган жеринде окуу визасы боюнча катталышы керек. 5 жумушчу күндөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү, антпесе Кыргыз Республикасынын Мыйзам бузуулар жөнүндө кодексинин 430, 431-беренелерине ылайык айып пул каралган. Өзбекстандын жана Кыргыз Республикасынын өкмөттөрүнүн макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк жарандар, студенттер үчүн сөзсүз түрдө студенттик визаны алууга милдеттүү. Толук маалымат алуу үчүн ОшМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыз (электрондук китепкананын имараты, 2-кабат 203-205-кабинеттер). Ошондой эле төмөнкү номерлер аркылуу: +996 772457119, +996 706051196, +996 779694010 (whatsApp гана), +996 550771704.