Региондордо стартаптар жана санарип демилгелер боюнча сынак башталды

Башкы Жарыялар

Региондордо стартаптар жана санарип демилгелер боюнча сынак башталды

Сынактын максаты – санарип көндүмдөр аркылуу элеттик аялдардын, жаштардын, ДМЧАнын, жарандык коом уюмдарынын жана айыл бизнесинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Өзгөчө көңүл жумушчу орундарды түзүүгө бурулат. Катышуучуларга тажрыйбалуу устаттар бекитилет, ал эми гранттын суммасы ар бир долбоордун каржылык керектөөлөрүнө көз каранды болот.

 

Сынакка өзүнчө же командалар менен катышууга болот жана алардын ишмердүүлүгү төмөнкү багыттарды камтыйт, бирок алар менен гана чектелбеши мүмкүн:

 

• Айыл-чарба, туризм, кайра иштетүү, соода, кол өнөрчүлүк, тигүүчүлүк ж.б. тармактарда инновациондук чечимдер;

• Санарип экономикада көндүмдөрдү калыптандыруу жана өнүктүрүү, маалыматтык технологиялардын жардамы менен кесиптик даярдык жүргүзүү;

• Жеке ишкерлердин, жашоочулардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана жашоосун жакшыртуу.

 

Маанилүү талап – арыз берүүчүлөр көбүнчө Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынан болуп, же төмөнкү пилоттук муниципалитеттердин биринде долбоорду ишке ашырууну көздөшү керек:

Ош облусу: Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтү, Араван районунун Юсупов айыл өкмөтү;

Баткен облусу: Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтү, Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтү;

Ысык-Көл облусу: Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтү, Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтү.

 

Арыздар 2022-ж. 20-августуна чейин «Лидер» атуулдук демилгелер борборунун сайтында www.leader.kg же: https://leader.kg/kounkurs-startups/шилтемеси боюнча толтурулуп, кабыл алынат. Сынак “Лидер” АДБ ишке ашырып жаткан «DigiKonush - Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагында Эстония эл аралык өнүгүү борбору, КРнын Аймактык өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ж.б. менен өнөктөштүктө уюштурулууда.