Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Araştırma Araştırma faaliyetleri

Илимий изилдөө ишмердүүлүгү

Ош МУнун илимий-изилдөө бөлүмү 2020-жылдын сентябрь айында окуу жайдын ректорунун №55-ФХД, 18.08.2020-ж. буйругунун негизинде түзүлгөн.                                                                                                 

2021-жылдын 1-февралынан баштап Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна илимий-изилдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Н.Н. Курбанбаева буга чейин 2008-жылдын 1-сентябрынан 2021-жылдын 1-февралына чейин окуу-информациялык департаментинин башкы адиси жана кошумча алгебра жана геометрия кафедрасынын доценти (2017-жылдан баштап) кызмат орундарында эмгектенген. 

Азыркы учурда илимий-изилдөө бөлүмүнүн штаттык бирдиги жана алардын кызматтык милдеттери бир кыйла кеңейтирилген. Бул учурда бөлүмдүн курамында бөлүм башчы, башкы илимий кызматкер, жетектөөчү илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, илимий кызматкер, кенже илимий кызматкер, патент жана ойлоп табуу боюнча инженер, бухгалтер, экономист, кадрлар боюнча инспектор,  техник, корректор жана техникалык редактор кызматтык орундары бекитилген. Жаңыдан түзүлгөн бөлүмдүн кызматкерлери жоопкерчилик менен тиешелүү бул милдеттерди аткарууга киришип, бөлүмдүн жобосу иштелип чыгып, бекитилген жана жобонун негизинде илимий-изилдөө багытындагы бир топ иштерди жүргүзүүдө дүйнөлүк практиканы өздөштүрүүгө басым жасалып, жакшыртуу, тартиптештирүү иш-аракеттери башталган.

Жалпысынан илимий-изилдөө бөлүмүндө 253 кызматкер, алардын ичинен негизги штатта 15 кызматкер, аспиранттардын жетекчилери 115 (108 илимдин доктору, 7 илимдин кандидаты) кызматкер  жана илимий долбоорлор боюнча 123 кызматкер эмгектенет.

Учурда ОшМУда 224 аспирант (56 аспирант бюджеттик негизде, 72 аспирант 168 контракттык негизде) илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.                                                                                                                                                                                  

Мындан сырткары бул мезгилде мурда башталган иштер улантылып, илимий журналды автоматташтыруунун жаңы этабы башталды.
Илимий-изилдөө бөлүмүнүн негизги иш-аракети приоритеттүү багытта фундаменталдык жана  прикладдык илимдерди өнүктүрүүдө, ошол эле багыттарда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө көмөк көрсөтүү жана өнүктүрүүгө жол берүү. Биргелешкен илимий продукцияларды түзүү максатында мамлекеттик жана эл аралык билим берүү жана илимий уюмдар менен кызматташуу. Жаңы классикалык университеттин формасы, мазмуну өздөштүрүлүп, билим берүүнүн жана илимдин дүйнөлүк системасына интеграциялануу иштерин жүргүзүү.

Илимий-изилдөө бөлүмүнүн курамы:

Кызматы

Аты-жөнү

Байланыш телефондору

Электрондук

дареги

1

Бөлүм башчы

Курбанбаева Нуржамал Нажимидиновна

0558

58-78-59

nkurbanbaeva

@oshsu.kg

2

Кеңешчи

Асанов Авазбек Раимжанович

0772

34-50-39

asanov

@oshsu.kg

4

Жетектөөчү илимий кызматкер

Кадыров Медербек Акбаралиевич

0551

83-00-52

mekadyrov

@oshsu.kg

6

Улук илимий кызматкер

Абдуллаева Жыпаргуль Душабаевна

0779

52-80-43

jypar.science

@oshsu.kg

7

Илимий кызматкер

Абдыкадырова Сюита Рысбаевна

0555

07-80-87

sabdykadyrova

@oshsu.kg

8

Кенже илимий кызматкер

Молдоташова Турсунай Сооронбековна

0776

00-86-89

tmoldotashova

@oshsu.kg

9

Патент жана ойлоп табуу боюнча инженер

Абдусатар кызы Ширинай

0770

68-21-07

shabdusatarkyzy

@oshsu.kg

10

Кадрлар боюнча инспектор

 Абдаким кызы Акылай

0222

04-13-02

abdakimkyzy

@oshsu.kg

11

Техникалык редактор

Убайдилаева Жазгул Ахмаджановна

0778

16-16-30

zhubaidillaeva

@oshsu.kg

12

Корректор

Салиева Айсулуу Азизбековна

0222

02-05-39

aasalieva

@oshsu.kg

13

Бухгалтер

Тойчиева Бегаим Ташиевна

0552

25-01-59

btashievna@mail.ru

14

Экономист

Максутова Нурниса Чынарбековна

0556

94-24-41

maksutovanurnisa81

@gmail.com

15

Техник

Жаныбаев Замирбек Раимжанович

0778

59-02-90

zzhanybaev

@oshsu.kg