ОшМУда “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйын өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйын өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде 25-июнда “Мамлекеттик тил саясаты жана улуттук нарк” аталышындагы жыйында  өттү. Жыйынга КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы К. Осмоналиев, улуттук  “Кыргызтест” мекемесинин жетекчиси Б.Топоева-Ставинская, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ибраимова, КРдин  Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү А. Тилекманова, жетектөөчү адис Э.Маматкаримова, ОшМУнун ректору К.Кожобеков баштаган ректораттын өкүлдөрү, структура жетекчилери, мамлекеттик тилди окуткан кафедралардын башчылары катышты.

Иш-чарада ОшМУда мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы,  иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматкерди калыптандырууда мамлекеттик тилге көңүл буруу маселелери каралды. Жыйынтыгында жогорку деңгээлде бааланган ОшМУнун жамаатынын жетишкен ийгиликтерин жайылтуу боюнча сунуштар айтылды.

Жыйында Каныбек Осмоналиев баштаган жамаат мамлекеттик тилдин келечеги сыяктуу олуттуу иштердин аткарылышында жогорку окуу жайлардын орду өзгөчө экендигин баса белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ибраимова жана  улуттук  “Кыргызтест” мекемесинин жетекчиси Б.Топоева-Ставинская  активдүү кызматташкандыгы үчүн ректордон ыраазычылык кат алышты.

 

Фото галерея