Профессор Капар Зулпукаровдун 75 жылдык юбилейине арналган эл аралык конференция өттү

Башкы Жаңылыктар

Профессор Капар Зулпукаровдун 75 жылдык юбилейине арналган эл аралык конференция өттү

Image

ОшМУда филология илимдеринин доктору, профессор Капар Зулпукаровдун 75 жылдык юбилейине арналган «Кыргызстандын лингвоэтномаданий мейкиндигинде теориялык жана прикладдык тил илиминин артыкчылыктуу багыттары» деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция.

Конференцияга Орусиядан, Казакстандан, Өзбекстандан жана республиканын аймагындагы жогорку окуу жайлардын белгилүү окумуштуулары, ректорлору, окутуучулар, студенттер, кесиптештери, шакирттери катышты.

 Иш-чарада ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков профессор Капар Зулпукаровдун адамдык бейнеси, ишмердүүлүгү, илимдеги ийгиликтери боюнча айтып, ОшМУнун түптөлүшүнөн тартып, бүгүнкү күнгө чейинки өсүп-өнүгүүсүндө салым кошкон окумуштуулардын сап башында экендигин белгиледи.  КР УИАнын академиги С.Мусаев, Фергана мамлекеттик университетинин проректору, профессор А.Уринов, Бишкек гуманитардык университетинин профессору А.Сыдыков, ЖАМУнун профессору И. Абдувалиев мааракелик куттуктоо сөзүн айтышты.

Пленардык отурумда Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору М.Тагаев, П.П.Семёнов-Тян-Шанский   атындагы Эл аралык гуманитардык университетинин ректору Марина Пименова, Кыргызстан эл аралык университетинин профессорру З. Караева, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору П.Кадырбекова, Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору У.Камбаралиева баяндама жасашты. 

Эл аралык конференциянын экинчи бөлүгү секциялык иштерде уланды. Алты секцияда 100дөн ашуун илимий баяндамалар талкууланды. Соңунда конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, ОшМУнун орус филологиясы факультетинин орус жана салыштырма тил илими кафедрасынын профессору, Лингвистикалык изилдөөлөр борборунун директору, ф.и.д., профессор Капар Зулпукаровдун  жетекчилигинде 5 илимдин  доктору, 26 кандидаты жалпы, салыштырма-типологиялык, орус, герман, кыргыз тил илимдери боюнча илимий иштерин коргошкон.

Фото галерея