ОшМУ Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институту менен кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институту менен кызматташат

Image

Онлайн байланыш аркылуу уюштурулган жолугушууда Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институтунун директору, профессор Вольфганг Аулицки жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматташуу келишимине кол койду.
Келишимдин максаты медициналык билим берүү жана илим тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү жана саламаттыкты сактоо системасынын стандарттарын жакшыртуу, Европанын, Америка Кошмо Штаттарынын, Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн дарыгерлеринин жана мугалимдеринин тажрыйба алмашуусуна көмөктөшүү болуп саналат.
Кол коюу салтанаты ОшМУнун базасында 26-октябрда башталган Кыргызстандагы Ачык медициналык институтунун семинар программасынын 25 жылдыгына арналган  иш-чарасынын алкагында өттү.  ОшМУнун базасында уюштурулуп жаткан “Зальцбург медициналык семинарларынын күндөрү” ОшМУ жана Америка-Австрия фондунун Ачык медициналык институту тарабынан уюштурулуп,  ОшМУнун клиникалык жетекчилери, клиникалык насаатчылары жана ординаторлору катышып жатышат.

Фото галерея