"Кыргыз унаа курулуш" ишканасында студенттер үчүн практикалык сабактар уюштурулат.

Башкы Жаңылыктар

"Кыргыз унаа курулуш" ишканасында студенттер үчүн практикалык сабактар уюштурулат.

Image

Университеттин STEM  инновациялык колледжинин директору  Бегайым Абдылакимова жана колледждин окутуучулары "Кыргыз унаа курулуш" ишканасынын  директору Абдыманап  Кудайбердиев менен  жолугуп, өндүрүш менен таанышып, келишим түзүштү. 
Келишимге ылайык "Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо",  "Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо", "Медициналык техникаларды оңдоо техникалык жактан тейлөө жана монтаждоо" жана "Электр менен жабдуу" адистиктеринин студентери үчүн практикалык сабактарды  уюштурууга шарт түзүлдү.
Буга чейин "Кыргыз унаа курулуш" ишканасынын  негиздөөчүсү Нурбек Осмонов менен  өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган. Анда адистерди өндүрүшкө багыттап максаттуу даярдоо, биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттерди колдоо жана ишке жайгаштыруу маселелери каралган.

Фото галерея