Түркия Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш ОшМУга келди

Башкы Жаңылыктар

Түркия Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш ОшМУга келди

Image

Түркия Дин иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп алдыдагы кызматташуу тууралуу сүйлөштү. 2021-2022- окуу жылында "Ыйман" гимназиясы үчүн окуу имаратын куруу маселесин талкуулашты.
Али Эрбаш окуу жайдын жетекчилиги менен бирге “Ыйман” гимназиясы жана Теология факультетинде болуп, окутуучулар, студенттер, окуучулар менен баарлашты.
ОшМУнун теология факультети 1993-жылы ОшМУ жана Түркия мамлекетинин «Диянет» фондунун ортосундагы келишимдин негизинде ачылган. Теология факультети Борбор Азиядагы эң алгачкы "Дин таануу" багытында ачылган факультет.
Факультет 2012-2013-окуу жылынан тартып эки баскычтуу билим берүүнүн негизинде «теология» адистиги боюнча кадрларды даярдайт. Анкара университети менен өз ара кызматташуу келишиминин негизинде «дин таануу жана гуманитардык предметтер» кафедрасында факультеттин өзгөчөлүгүнө ылайыкталган диний предметтер жана Кыргызстандын мамлекеттик стандартында көрсөтүлгөн сабактар окутулат. Факультеттин окутуучу-профессордук курамын Түркиянын жогорку окуу жайларынан кызматташтык келишимдин негизинде келген жана ОшМУнун тажрыйбалуу окумуштуу-адистери түзөт. ОшМУнун «Ыйман» гимназиясы 2013-жылдын сентябрь айында Түркия “Диянет” фонду, Түркия Билим берүү министрлиги жана ОшМУ менен биргеликте түзүлгөн келишимдин негизинде ачылган.

Фото галерея