Студенттик демилгелер форумундагы спорттук мелдеште ОшМУнун командасы 1-орунду ээледи

Башкы Жаңылыктар

Студенттик демилгелер форумундагы спорттук мелдеште ОшМУнун командасы 1-орунду ээледи

Image

“XXI кылымдын кадрлары” студенттик демилгелер форумунун алкагында жогорку окуу жайлар арасында спорттун  волейбол, кичи футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат түрлөрү боюнча мелдештер өттү.

  ОшМУнун спорттук аянтчаларында уюштурулган мелдешке 8 команда катышып, жыйынтыгында жалпы командалык эсепте 1-орунду ОшМУнун, 2-орунду Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин, 3-орунду К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин (Жалал-Абад) командалары  ээледи.

Форумдун алкагында өткөн спорттук оюндар жогорку окуу жайлар ортосунда достукту, ынтымак-ырашкерликти бекемдөө, демилгелүү жаштардын пикир алышуусуна, демилгелери менен бөлүшүүсүнө аянтча түзүү болуп саналат.

Фото галерея