“XXI кылымдын кадрлары” студенттик демилгелер форуму жыйынтыкталды

Башкы Жаңылыктар

“XXI кылымдын кадрлары” студенттик демилгелер форуму жыйынтыкталды

Image

Форумга конок катары Жогорку Кеңештин депутаты, Республикалык Аялдар Кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева, республикадагы 9 жогорку окуу жайдан өкүлдөр, студенттер катышты.

19-октябрда башталган форумдун алгачкы күнү салтанаттын ачылуу аземи, “Университет жана студент”, “Жаштар жана мамлекет” деген темаларда панелдик талкуулар менен уланган. Анда  студенттер, коноктор  XXI кылымдын кадрлары кандай компотенцияларга ээ болушу керек деген теманын алкагында пикир алышып, ой бөлүштү. Панелдик талкууга активдүү катышкан студенттер дипломдор менен сыйланышты.

Форумдун алкагында өткөн “Чилистен” акыл таймашы, “XXI кылымдын  компетенциялары” көндүмдөр чемпионаты, “Келечек чакырыктары” студенттик эмгектердин кароо-сынагы,  компьютерде текст терүү, пазл чогултуу, кубик-рубик чогултуу, компьютердик графикалык дизайн, котормо иши багыттарында сынактардын жыйынтыгы чыгып, алдыңкы орундарды ээлеген студенттер ОшМУнун дипломдору, баалуу белектерине ээ болушту. Студенттерди жетектеп келген окуу жайдын өкүлдөрүнө да  ОшМУнун ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

19-20-октябрь күндөрү уюштурулган форумдун катышуучулары окуу жайдын имараттарына жана Ош шаарындагы кооз жайларга саякат жасашты.

Демилгелүү студенттердин катышуусунда өткөн форумга И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен, Кыргызстан эл аралык университетинен, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен, Кыргыз экономикалык университетинен, Баткен мамлекеттик университетинен,  ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан өкүлдөр, студенттер катышты.

Форумдун уюштуруучусу, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова биринчи иш-чарасы өтүп жаткан форум мындан ары да салтка айланып уланып, республикадагы жогорку окуу жайлардын демилгелүүү, алдыңкы студенттеринин пикир алышып, ой бөлүшкөн аянтчасы болуп калуусун белгиледи.

Фото галерея