ОшМУда жаштардын борбору иштей баштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда жаштардын борбору иштей баштады

Image

Окуу жайдын базасындагы  Достук, Улуттар Аралык  Ынтымак жана Толеранттуулук  Борборунун  ачылыш аземи болду. Ага Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Саясат департаментинин башчысы  Раймондс Вингрис, ректор Кудайберди Кожобеков, окутуучулук  профессордук курам, шаар жаштары жана коноктор онлайн жана оффлайн форматта катышты.

Борбор заманбап жабдуулар менен жабдылып, виртуалдык жана реалдуу мейкиндиктерди айкалыштыруу аркылуу маданият аралык диалогдун көпүрөлөрүн  түзүүчү, заманбап чыгармачыл билим берүү чөйрөсү болот.

Борбордо онлайн, офлайн жана гибриддик форматта вебинарларды,  сабактарды өткөрүүгө, видео материалдарды санариптик технологияларды колдонуу менен сапаттуу тартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, студенттерге, жалпы эле жаштарга  сапаттуу видео, фото тартып социалдык тармактарды активдүү пайдаланууга шарт түзүлөт.

Ошондой эле, борбор стереотиптер, ишенимди калыптандыруу жана толеранттуулукка көмөктөшүү, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү үчүн, аларды активдүү коомдук иштерге тартуу жана адамдардын ортосундагы байланышты тереңдетүү үчүн, анын ичинде мугалимдерди, журналисттерди жана жергиликтүү коомчулукту тартуу аркылуу трансчекаралык жана сектор аралык диалогду баштоо үчүн онлайн жана оффлайн мейкиндигин бириктирген активдүү жана туруктуу иштеген көп функциялуу билим берүү аянтчаларынын бири.

Борбордо студенттер, мугалимдер жана бардык кызыкдар тараптар үчүн региондор аралык дебаттык турнирлерди, дискуссиялык клубдарды, аймактык эксперттик форумдарды жана башка кызыктуу иш -чараларды өткөрүү пландаштырылган .

Бул Борбор Европа Биримдиги каржылаган «Борбордук Азиядагы толеранттуулук менен тынчтыкты көздөгөн трансчекаралык көп тараптуу диалог» долбоору алкагында жана “БИОМ” экологиялык кыймылы (Кыргызстан), “Юксалиш” жалпы улуттук кыймылы (Өзбекстан) жана “Гендер жана Өнүгүү” коомдук уюму (Тажикстан) менен биргеликте жүзөгө ашырылды. Борборго жалпы суммасы 1,5 миллион сомдук  акыркы үлгүдөгү уникалдуу санарип технологиялык жабдуулар жайгаштырылган.

 

Фото галерея