Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата тегерек стол өттү

Башкы Жаңылыктар

Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин күнүнө карата тегерек стол өттү

Image

 “Азыркы коомдогу социалдык иштердин кесиптик актуалдуулугу жана өнүктүрүү перспективасы” аттуу тегерек столдо Ош шаарынын  вице-мэри Венера Рыскулова баштаган мэриядан өкүлдөр, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипова жана социалдык иштер кафедрасынын доценти Ө. Акматовдор  сөз сүйлөшүп, социалдык кызматкерлерди, студенттерди кесиптик майрамы менен куттукташты.

Жыйын онлайн байланыш аркылуу да чагылдырылып турду. Анда социалдык маселелер боюнча адистер,  жогорку окуу жайлардан окутуучулар, студенттер социалдык иштердин кесиптик актуалдуулугу жана өнүктүрүү перспективалары боюнча баяндама жасашты.

Тегерек стол ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору жана Юридика факультетинин социалдык иштер кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Социалдык кызматкерлер мамлекеттин жардамына жана камкордугуна муктаж жарандарга колдоо көрсөтүп көрсөтүшөт. Ош мамлекеттик университети да социалдык жактан жардамга муктаж, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, улгайган адамдарга, балдарга ар дайым моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөтүп келет.

Фото галерея