Студенттер интелектуалдык жактан күч сынашты

Башкы Жаңылыктар

Студенттер интелектуалдык жактан күч сынашты

Image

Окуу жайда билим алган студенттерге  "XXI кылымдын компетенциялары" аталышындагы интелектуалдык иш чара уюштурулду. Катышуучулар котормо иши, компьютерде текст терүү,кубик-рубик, пазл чогултуу жана графикалык дизайн багыттары боюнча таймашты. 
Жыйынтыгында, котормо иши боюнча Айбек Жороев, кубик чогултуу боюнча Амантур Абдижалилов, пазл чогултуу боюнча Эрлан Абдраимов, компьютерде текст терүү боюнча Артемий  Бритиков 1-орунду ээлешти.Ал эми графикалык дизайнда компьютердин жардамында түрдүү логотиптерди жасап 1-орунга Мунарбай уулу Акылбек татыды.
Иш чара ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова  тарабынан демилгеленип, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин, Колдонмо математика, информатика, графикалык дизайн кафедрасы тарабынан өткөрүлдү. 
Максат студенттердин интелектин  жана санарип технологияны колдонуу деңгээлин жогорулатуу. Ошондой эле, 19-20-октябрда, Кыргызстандын  ЖОЖдорунун арасында өтүүчү форумга курама команда тандалып алынды.

Фото галерея