ОшМУ Санкт-Петербургдагы окуу жайлар менен келишимдерге кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Санкт-Петербургдагы окуу жайлар менен келишимдерге кол койду

Image

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарынын алкагында 12-октябрда Санкт-Петербург мамлекеттик политехникалык университети жана «ВОЕНМЕХ» Д. Ф. Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университетинде болду.

Иш-сапардын алкагында Балтика мамлекеттик техникалык университетинин ректору Константин  Иванов жана Санкт-Петербург мамлекеттик политехникалык  университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Димитрий Арсеньевич менен жолугушуп, эки окуу жай менен кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимде биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү үчүн белгилүү илимпоздор менен адистерди чакыруу, окуу программаларын алмашуу, илимий долбоорлорду ишке ашыруу, конференцияларды, семинарларды, төгөрөк столдорду уюштуруу аркылуу эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүү багыттары камтылган.

Фото галерея