27-ноябрда ОшМУнун чет тилдер факультетинде «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» аттуу тарбиялык-агартуу иш-чарасы өттү. Аны англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасы уюштурду.
Иш-чаранын ачылышында Чет тилдер факультетинин деканы Бурулча Койлубаева жана ОшМУнун социалдык жана тил иштери боюнча проректору Мастурахан Шарипова куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Мастура Шарипова эне тилдин улуттук баалуулуктарды сактоодогу ордуна токтолду. Ал башка тилдерди үйрөнүүдө эне тил негиз болушу керектигин белгиледи.
«Биздин мамлекеттик тилибиз бар – бул биздин сыймыгыбыз. Тилдердин пирамидасын түзө турган болсок, анын эң түпкү пайдубалында элдин өз тили турушу керек. Башка тилдер ошол пайдубалдын үстүнө уланып, өнүгүшү зарыл», – деди ал.
Ошондой эле ал студенттер арасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча сынак өткөрүүнү сунуштап, демилгени колдоого даяр экенин билдирди. Студенттер «Манас» эпосунан жана «Курманбек» дастанынан үзүндүлөрдү аткарып, мекен, улуттук рух темасында көркөм чыгармаларды окушту. Ошондой эле кыргыз бийлерин бийлеп, улуттук өнөрлөрдү тартуулашты. Мындан тышкары кыргыз элинин тарыхы, маданияты, каада-салты, улуттук дөөлөттөрү боюнча «Улуттук баалуулуктар» аттуу интеллектуалдык викторина уюштурулду.
Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын башчысы Бактыгүл Тургунбаева иш-чара студенттердин улуттук аң-сезимин калыптандыруу, мекенчилдик сезимин арттыруу, эне тилге жана улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын бекемдөө максатында уюштурулганын айтты.