Наманган университетинин окутуучулары ОшМУда сабак өтүп, тажрыйба алмашты 

Башкы Жаңылыктар

Наманган университетинин окутуучулары ОшМУда сабак өтүп, тажрыйба алмашты 

Image

25-ноябрда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Өзбекстандын Наманган шаарындагы Наманган мамлекеттик университетинин окутуучулары Ош мамлекеттик университетинин кыргыз-кытай факультетине келишти.

Алар англис тилин үйрөнүп жаткан филология багытындагы студенттерге англис тилинде сабак өтүштү. Сабактарда англис тилин окутуунун заманбап ыкмалары, тил үйрөтүүдө колдонулуучу педагогикалык усулдар, илимий темалар талкууланды. Ошондой эле эки университеттин окутуучулары билим берүү процессин уюштуруу, сабак өтүүнүн натыйжалуу жолдору, окутуунун жаңы технологиялары жана илимий-методикалык иштер боюнча пикир алышты.

Мындай жолугушуулар окутуучуларга кесиптик тажрыйбасын бөлүшүүгө, жаңы методдор менен таанышып, сабак өтүүдө колдонулуучу ыкмаларын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Сапар эки окуу жайдын кызматташтыгын бекемдөөгө, билим берүү жана илим тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

 

Фото галерея