ОшМУ Польшадагы Экономика университети менен кызматташуу келишимине кол койду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Польшадагы Экономика университети менен кызматташуу келишимине кол койду

Image

Польшанын Быдгощ шаарында жайгашкан Экономика университетинин канцлери Филип Сикора, Спорт жана дене тарбия институтунун директору Александр Скалий 27-сентябрда ОшМУда болуп, ректор Кудайберди Кожобеков, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев  менен жолугушту.

Жолугушууда Филип Сикора ОшМУ тууралуу Орусия, Казакстан, Өзбекстандагы өнөктөш университеттерден жакшы пикирлерди угуп келгендигин айтты. Ошол себептен  Кыргызстандан өнөктөш катары Ош мамлекеттик университетине  стратегиялык өнөктөш статусун берүү чечим кабыл алгандыгын белгиледи. Өзгөчө ОшМУнун алдыга койгон стратегиялык планына, миссиясына, эл аралык кызматташтык багытында жасап жаткан иштерине жогору баа берди. 

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков университеттин эл аралык кызматташтык багытында аткарып жаткан иш аракеттери, эл аралык рейтингдердеги орду, окуу жайдын стратегиялык иш планындагы университеттин коом үчүн жасап жаткан иштери боюнча маалымат берди.

Жолугушуудан кийин эки окуу жайдын жетекчилери билим берүү, илим, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, эл аралык ири долбоорлор менен кызматташуу, конок лекция, тажрыйба алмашуу багыттарын камтыган эки тараптуу келишимге кол коюшту.

Делегация ОшМУнун санариптештирүү багытында жасап жаткан иштерин көрүп, окуу жайдын алдыңкы тажрыйба борбору болгон Индустриалдык-педагогикалык колледжи, Бизнес жана менеджмент факультети, Кыргыз-кытай, Искусство, Эл аралык мамилелер, Медицина факультеттери, Медициналдык клиникаларында болуп, билим берүүгө түзүлгөн шарттар менен таанышып, окутуучулар менен пикир алышты.

Быдгощ шаарындагы Экономика университети Евпорадагы алдыңкы окуу жайлардын бири. Университет  20дан ашуун чет өлкөлүк университеттер менен кызматташып келет.

Фото галерея